www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоодо ким көбүрөөк акча чачса ошонун мүмкүнчүлүгү жогору болот. Мындай пикирди бүгүн, 4-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Легендарлуу парламенттин депутаты Медеткан Шеримкулов билдирди.
- Шайлоодон кийин кайрадан көтөрүлүш болушу мүмкүн деген сөздөр болуп жатат. Азыр ачык эле колунда бар колунда жоктор деп бөлүнүп калдык. Азыр шайлоого колунда бар, чөнтөгү калыңдар барышат. Алар республикадан 100 добуш алганча өзүнүн жергесине барып 30 миң добуш сатып алганы оңой да. Бул боюнча сиздин пикириңиз?
- Азыркы улуу муундар совет маалындагыдай көнүп калган бир мандаттуу шайлоо болгон. Ошол бир мандаттуу шайлоого мен каршы чыккам. Бул жөнүндө Садыр Нургожоевич менен сүйлөшкөндө дагы кеп салгам. Бир мандаттуунун коркунучтуу жагы бар. Кудай буйруп быйыл шайлоо өтсө, бир мандаттуудан келген депутаттарды көрөбүз. Эл дагы ошого ынанып өз көзү менен көрсүн. Негизи бир мандаттуу округдан аялдар менен жаштар өтпөйт. Чөнтөгүндө тыйыны барлар өтөт. Шайлоодо ким көбүрөөк акча чачса ошонун мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. (Далилдеп бере албагандан кийин добуш сатып алды деп айтпай эле коёюн)
Экинчи коркунуч, акча менен шайланып келген депутат кийин ошол элдин өкүлү гана болбостон, ал элди өзүнө каратып алууга аракет кылат. Анын негизинде өзү келген округду бербей анын кичинекей “князы” болуп калат. Кийин булар бийлик башына да баш ийбей калат. Себеби, бийлик аны кетиргиси келсе анда ал элди көтөрүп чыгат. Биз акыркы жылдары буга көнүп деле калдык. Кичинекей эле бир нерсе болсо элди көчөгө чакырып чыгабыз.
Бир округдан, бир райондон келген депутат өзүнүн кол тийбестигин эң жогорку деңгээлге чейин бекитип алышы мүмкүн. Бул депутаттар үчүн элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы экинчи орунга чыгып калышы мүмкүн. Негизи депутат деген бул - бүткүл элдин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек.
Булак: NazarNews.kg