www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев менен коштошту.
Медведев бүгүн, 3-сентябрда СССРдин биринчи президенти менен коштошуу аземи өтүп жаткан Москванын борборундагы Колонналар залына келип, табытка гүл коюп, Горбачевдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтты.
Эске салсак, Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери көрөгөчтүгүн белгилеп билдирүү кылышты.
Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, ал эми 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтун бүтүргөн. Университетти аяктаган соң Ставрополь аймактык прокуратурасына бөлүштүрүлүп, андан кийин партиялык иштер менен алек болгон.
1985-жылы ССКП БКнын кезексиз жыйынында Горбачёв генералдык катчы болуп шайланат, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тарта СССРдин Жогорку Советинин Президиум төрагасы кызматын кошо аркалап, өлкөнүн да, партиянын да башкы жетекчилигин колуна алган. Ошол мезгилде Горбачёв реформалардын программасын жарыялап, кийин ал кайра куруу деген аталышка ээ болот.
1990-жылы СССРдин эл депутаттарынын кезексиз III жыйынында Горбачёв Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти болуп шайланып, андан соң СССРдин курамындагы 15 республика өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон.
Булак: NazarNews.kg