www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкенттеги мектептердин биринде окуучулардын ата-энелери балдары үчүн кечирим сурашты. Буга «За деньги да» деген ырга тартылган видео себеп болгон. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.
Социалдык тармактарда кыздар сабактан кийин «За деньги да» ырды ырдап, жасалма долларларды чачып жаткан видео тараган.
«Чиланзар районундагы №181 мектептин 9-классынын төрт окуучусу аталган видеону TikTok’ко жайгаштырышкан. Ошол эле учурда, кыздар башкалар сыяктуу видеодо аша чабышкан эмес. Бирок Ташкенттин Эл агартуу Башкы башкармасында чыгармачыл кыздардын таланты бааланган жок. Чыгармачылыкка сын айтылып, кыздар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иш жүргүзүлгөн.
Аларга мындай жүрүм-турум этика эрежелерине каршы келери, улуттук каада-салттарга туура келбегени айтылды. Натыйжада окуучулардын биринин апасы мектептин жетекчилигинен жалпы ата-энелердин атынан кечирим суроого аргасыз болгон», — деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews kg