www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Райымбек Матраимовдун кеменгерлигин баалап бир чоң кызматка коюш керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине көз карандысыз журналист, коомдук ишмер Мелис Арип-Бек.  

--“Мен Жумгалдан болом, ал эми Райымбек Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районун кулуну экен.  Эч кандай тууганчылык же башка жакындыгыбыз жок. Болгону ар бир адамда руханий адилет, акыйкат, калыстык болушу керек. Мен дагы ошол билген ачык калыс оюмду айтайын. Жакшы нерсени байкасак ачык айтышыбыз керек. Мына Райымбек Матраимовду канча каралашууда. Бирок ал бир дагы массалык маалымат каражаттары аркылуу чыгып актанганын көргөн жокмун. Мүмкүн каалаган жоктур. Көз карандысыз журналист катары Сооронбай Жээнбековдун убагында бир нече жолу айткам “Бажы кызматынын башында турбаган, финансы жагын тейлебеген же кадр маселесин чечпеген кызматкер элге  ушундай  жардам көрсөтүп жатса кыйын экен. Мунун кеменгерлигин, талантын баалап бийликтеги бир чоң кызматка коюш керек дегем. Азыр дагы айтам муну каралабай кеменгерлигин баалап бир чоң кызматка коюш керек. А эмне себептен ушуну айттым, айрымдар көрө албай мени акча алды дешүүдө. Бул жалган, себеби мен Матраимовдорду тааныбайм. Агасы Искендер Матраимовду дагы көргөн эмесмин”, - дейт журналист.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости