www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлөнбек Абдыров: «Бензин дагы 15-20%га чейин көтөрүлөт»

- Күйүүчү майдын баасы көтөрүлүүдө. Улам арзандашын күткөн элдин үмүтү таш капкандай болуп турат. Бул тууралуу сиздин пикириңизди да уксак?

- Негизи бул дүйнөлүк, айрыкча КМШ өлкөлөрүндө орун алып жаткан көрүнүш. Күйүүчү май ар кандай себептерден улам кымбаттап кетүүдө. Биринчиден, биз көпчүлүк убакта күйүүчү майларды Россиядан алып келебиз. Россия менен рубль, сом менен соода жүргүзбөй, доллар менен соода жүргүзөбүз. Ошондуктан доллардын көтөрүлүп кеткени биринчи маселе.

Экинчиси, Россияда нефти арзан болгону менен көбүнчө өздөрүндө дагы күйүүчү майдын баасы кымбат болуп жатат. Биз кымбат алып келип алгандан кийин доллардын баасы да таасирин тийгизип жатканы бегилүү болуп турат.

Үчүнчү маселе, Казакстан дагы өздөрүнө күйүүчү май чыгарып, бирок тышка сатууга уруксат бербей турган жарлык чыгарып коюшту. Ошон үчүн бизге Казакстандан бензин келбей жатат. Бул дагы бир себеби болууда. Кайсы жагынан караба, күйүүчү майдын кымбаттап турган маалы. Европа мамлекети болобу, Америка болобу, ар кандай санкцияларды салып, жолдорду бууп жатышат. Бул да бир себеп.

Эң негизгиси, Россиянын дагы социалдык ар кандай төлөмдөрү бар. Айлык маяналарын, пенсия-пособиелерин каржылап турушу керек. Алардын негизи булагы бензин болгондуктан, өз саясатын жүргүзүүдө. Ошон үчүн биз «бензин качан арзандайт?» деп күтө бергенибиз болбойт. Дагы 15-20%га чейин көтөрүлөт.

Демек, биз башка булактарды дагы издешибиз керек. Бизде күйүүчү майды кайра иштете турган ишканалар Кара-Балтада ачылган. Ошолорду колдонуу зарыл. Башка жолдорун табалы. Ошол эле Азербайжандан нефти алып келип, кайра иштетүүнү үйрөнөлү. Бензиндин баасы акырындык менен башка азык-түлүктөрдүн баасынын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизүүдө.

Булак: Азия News гезити

Последние новости