www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Полковник Мадияр Кулуевди ачык сүйлөгөнү үчүн мыйзамсыз кызматтан алышкан. Бул тууралуу 10-февралда журналист Мелис Арыпбек NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Бир канча жыл мурда Кыргыз милициясынын укугун коргоо комитетин түзүп, ага мени төрагасы кылып шайлашкан. Ошол күндөн тарта мен бир канча милиция кызматкерлеринин укугун коргоп, көптөгөн окуяларга күбө болдум.
Мына бир мисалды айта кетейин. Ички иштер министрлигинде Мадияр Кулуев деген полковник бар. Кыргыздарда бир жаман көрүнүш бар. Бирөөгө кызматтык орун керек болуп калганда, бийлик өкүлдөрү аралашып, министрлер жакшы иштеп жаткан жетекчи же кызматкердин ишинен кыр издеп, иштен алышат. Ошону менен катар катуурак сүйлөп же чындыкты айтып койсо, баса калып, иштен ыргыткан адат бар.
Мадияр Кулуев дагы ошондой жапа чеккен кызматкерлердин катарын толуктаган. Аны бир канча жолу мыйзамсыз жумуштан алышкан. Бирок ал 2 соттон утуп алып, Октябрь жана Ленин райондук ички иштер башкармалыктарына жетекчилик кызматтарына барган. Анан ал ошол кездеги премьер-министр Кубатбек Бороновго “милиция кызматкерлеринин айлык маянасына, булардын шартына көз салып, жардам берсек кандай болот?” деген экен. Анан Боронов үстүнөн министрине чалып койгон. Кайрадан аны мыйзамсыз иштен алып салган. Мадияр Кулуев 1986-жылы айылдан 20 жашында келип, аскерге барган. Өзүнүн күчү менен сержанттан баштап полковникке чейин көтөрүлгөн. 2-3 окууну аяктаган, билимдүү инсан. Кийин дагы Казы Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академияга тапшырып, өз күчү менен кызыл диплом менен аяктаган экен. Ошондо мугалимдер жана ректор аябай таң калган. Мына көптөгөн тепкичтерди басып өтүп, бир канча жетекчилик кызматтарды аркалады. Мүнөзүндө куулук, ичи таарлык жок. Калп айтканды билбеген, таза адам жана алып, жулунганды билбеген мыкты полковник.
Ошол ачык, бетке айткандыгы үчүн аны 3 жолу мыйзамсыз кызматтан алышты. Үч жолу сотко берип, өзүнүн актыгын, тактыгын сотто аныктады. Бирок анын ордун министрлер башка милицияларга сатып коюшкан. Кайра анын үстүнөн кылмыш козгоп, сотко беришти. Ошондо дагы Кулуев сынып калбай, билимдүүлүгү менен далилдеп чыкты. Мына 5-жолу ошондой көрүшүн кайталанды. Бирок жыйынтыгында Ленин райондук ички иштер башкармалыгына өзүнүн кызмат ордуна кайтып келди. Буга окшогон ар намысы тебеленип, мыйзамсыз кызматтан алынган мисалдар абдан көп. Менде алардын жазган каттары сакталып турат. Жабыркаган милициялар мени “сиз пагон тагынбасаңыз дагы, биз үчүн генералсыз” деп калышат. Андыктан коомчулукка, жетекчилерге, министрлерге жана Садыр Жапаровго кайрылам. Биз тартип сакчыларынын укугун чогу коргойлу”, - дейт Мелис Арыпбек.
Булак: NazarNews.kg