www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-февралда Финансы полициясы Транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль жолдору боюнча мамлекеттик дирекциясындагы коррупцияга байланыштуу 28 ишти иликтеп бүтүп, сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 20-мартына чейин "Сосновка" жана "Кара-Күл" көзөмөл өткөрмө пункттарынан өткөн машинелер боюнча маалыматты бурмалоого байланыштуу коррупциялык схемалар аныкталганы айтылган.
Эсеп палатасы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылгандай, бул схемалардан өлкө бюджети 20 миллион сом зыян көргөн. Кылмышка шектүүлөр бул сумманы толугу менен кайра кайтарып беришкен.
Азыркы тапта сотко чейинки териштирүүлөрдүн натыйжасында Жазык кодексинин 319-беренеси, коррупция боюнча аталган министрликтин айрым кызматкерлери кылмыш жообуна тартылууда.
Булак: NazarNews.kg