www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык активист Жанболат Мамай Алматы шаарынын мурдагы мэри жана «Нур Отан» партиясында Нурсултан Назарбаевдин биринчи орун басары Бауржан Байбек тууралуу иликтөөсүн жарыялады.

«Ал силерге Бауке эмес» деп аталган иликтөөдө Байбек Алматы шаарын башкарып турган төрт жылдын ичинде коррупциялык схемалар аркылуу миллиард доллардан ашык каражатка жана элиталык батирлерге ээ болгону айтылат. Мындан тышкары ал бир нече бизнес-борборго жана курулуш компанияларына ээлик кылуу менен чоң бизнес-империясын түптөгөн.

«Бауржан Байбек өмүр бою мамлекеттик жана партиялык кызматтарда гана иштеп, расмий түрдө ишкерлик менен алектенген эмес. Бирок чоң империя түптөөгө жетишкен! Бизнеси жок кезектеги казакстандык миллиардер!», — деп айтылат иликтөөдө.

Бауржан Байбек айыптоолорду четке кагып, Мамай иликтөөсүндө фейк Телеграм-каналдын маалыматтарына шилтеме кылганын билдирди.
«Бул шарттуу саясий ишмер текшербей туруп жалган маалыматтарды жарыялаган алгачкы жана акыркы учур болот деп үмүттөнөм. Мамай мырза фашисттик Германия иштеп чыккан принципти колдонууда. Алардын идеологдорунун бири Геббельс мындай деген: «Калп канчалык чоң болсо, ага ошончолук тез ишенишет». Жалган маалымат таратканы үчүн активистти сотко берем», — деди Байбек.

Өз кезегинде Мамай Байбекти дебатка чакырып, түз эфирде анын байлыгы тууралуу сүйлөшүүнү сунуштады.

«Ал мени сотко берем деп жатат. Бирок Казакстанда адилеттүү сот жок: алар жалаң чиновниктерге пайдалуу чечимдерди чыгарышат. Ошондуктан мен Байбекти дебатка чакырам, түз эфирде коррупциялык кылмыштары жөнүндө айтып берсин», — деди Мамай.

Азырынча анын бул сунушуна Назарбаевдин биринчи орун басары жооп бере элек.

Эгер Мамай жалган маалымат таратууга күнөлүү деп табылса ири өлчөмдө айып пул төлөп, камакка алынышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости