www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 20-апрелде Айтматова Мария Урматовна 79 жаш курагында дүйнө салды.
Чыңгыз Айтматовдун жубайы — Мария Айтматова 1942-жылы 13-июлда Суусамыр өрөөнүнүн 8-март айылында туулган. Атасы — Нурмат Шатиев. Апасы — Гүлсүн Бакинова.
Нурмат Шатиев көз жумгандан кийин Мария Айтматова апасы менен Фрунзе шаарындагы Илимдер академиясынын кызматкерлеринин үйүнө көчүшкөн (Кыз-келиндердин педагогикалык институту). Ал жакта Мария Айтматова чоң апасы, таежеси жана апасы менен чогуу жашаган. Таежеси Гүлжамал Бакинова кыргыз тилинин диалектологиялык картасын түзгөн жана Мария Айтматованын инсан катары калыптанышына аябай таасир эткен.
Мария Айтматова кесиби боюнча сценарист болчу, Бүткүл россиялык мамлекеттик кинемотография институтун аяктаган.
Балдары Эльдар Айтматов жана Ширин Айтматованын эскерүүсүнөн алынды.
Булак: NazarNews.kg