www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев чынында эле күчтүү башкаруучу, мыкты чарбакер. Аны эч ким тана албайт. Тилекке каршы жакында эле Түлеевдердин атасынан калган мурасын бийлик тартып алды.
Ал имараттардын бири “Сапатком” менен “Караван”соода борбору. Ачуу чындык, мындай бийликтин кадамын эл арасында колдогондор жок эсе болсо, “менмин” дегендер чындыкты айта албай жатканы өкүнүчтүү.
Минтип Түлеевдердин атасынан калган байлыгын сүйгөн бул бийликтин жасаган иши эч качан жакшылыкка алып келбей тургандыгын байдын уулу Байгара деле түшүнүп турат. Канткен күндө дагы бийликке болгон нараазычылык күчөгөндөн күчөдү. "Өткөндөн сабак албаган көрүнүштүн арты кандай аяктайт болду экен", дегендер көбөйдү.
Эгерде чын эле бийлик мыйзамдуулукту жакшы көрсө өлкөдө абдан маанилүү жана таасирдүү болгон ушул тапта Жогорку Кеңеште олтурган байлардын имараттарын санап, мамлекеттик бала-бакчаларды эс алуу борборуна айланткан, борбордун так ортосуна жайгашкан заңгыраган имараттарды мамлекетке өткөрүп берсе, анда бул бийликтин аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калмак.
Же байлыктарын санап берелиби?...
Булак: NazarNews.kg