www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Нарын шаарынын 150 жылдыгынын урматына веложарыш өттү. Жаштарды сергек жашоого үндөгөн бул иш-чараны ишкер Бакыт Жумагулов уюштурган. Уюштуруучу элди 21-22-сентябрда боло турган Нарын шаарынын 150 жылдык юбилейлик иш-чарасын ынтымакта жана биримдикте, жогорку деңгээлде өткөрүүгө үндөдү. Иш-чарага Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов катышты.
Нарын шаары XIX кылымдын 60-жылдарынын аягында түптөлгөн. Нарын тарыхый маалыматтар боюнча Токмок, Бишкек жана Каракол шаарлары менен бир мезгилде, Жети-Суудан Кашкарга (Кытай) кетүүчү соода жолундагы Кокондуктардын чеби катары XIX кылымдын 30-жылдарында негизделген, 1863-ж. чепти орус аскерлери басып алган. Кийин ал кайрадан Кокондуктарга өткөн. Чеп 1867-жылы гана биротоло бошотулуп, ал жерге 100 казак-орус аскерлеринин кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Гарнизон Бишкек-Нарын-Торугарт соода жолундагы Нарын дарыясынана салынган (1868-ж.) көпүрөнү, Нарын-тоодогу ашууларды кайтарган. Чептин жанында чакан айыл пайда болуп, анда жашаган татар, өзбек, дунгандар жергиликтүү кыргыздар менен соода-сатык жүргүзүшкөн.
Булак: NazarNews.kg