www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков менен Кыргызстанда орун алган айрым жагдайлар тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
-Ахматбек Келдибекович, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнүн урматына уюшулган иш-чарага аянтка саясатчылардын тандалбай чакырылганы көпчүлүктү таң калтырды. Сыйлуу коноктордун катарын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы толукташы керек эле. Тилекке каршы, ал келген жок. Сиздин баамыңызда эгемендик майрамыбызга арналган иш-чара эмнеси менен айырмаланды?
-31-августта болуп өткөн эгемендүүлүк күнүбүзгө арналган салтанатта прездентибиз Сооронбай Шарипович бул менин партиямдан болот, муну менен өзгөчө мамилем бар, тигил саясатчыны анча жактыра бербейм дебей 27 жылдан бери Кыргызстандын мамлекет болуп калыптанышына салым кошкон инсандардын баарын чакырып, журт атасы экенин далилдеди. Ак-көк деп ылганбай чакырылган аксакал саясатчылардын көбү президенттин жөн билгилигине ыраазы болушту. Президент да өйдүк-сөйдүк сөздөрдү сүйлөбөй туура сөздөрдү сүйлөп, элдин алкоосуна татыды. Кыскасы, эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанат жакшы маанайда өттү.
-Баса, Көчмөндөр оюнунун урматына уюшулган түрк тилдүү элдердин саммитин да сындагандар четтен чыга баштады. Саммитти бир ай мурун же бир кийин өткөрсө болбойт беле?
-Мен да көчмөндөр оюнуна бардым. Элдин көптүгүн, бир канча мамлекеттин президенттеринин келгендигин көрүп, көчмөндөр оюнунун деңгээли көтөрүлгөнүн, эл аралык аренага чыкканын көрүп, сүйүндүм. Түрк тилдүү элдердин саммитин көчмөндөр оюну менен бирдикте өткөнүн Кыргызстан демилге көтөрүп өткөрүп жаткан көчмөндөр оюнуна көргүчү келгени менен байланыштырам. Баса, президент көчмөндөр оюнунун өткөрүү эстафетасын Түркия мамлекетине өткөрүп берүүгө жетишти. Президент көчмөндөр оюнун жогорку деңгээлде өткөрүп, беш мамлекеттин президенттерин келтире алганы алкоого татыйт. Айтайын дегеним, президент бул аракети менен адам менен мамиле түзө алган сапатка ээ экенин, адамгерчилигинен бийиктигин жана көчмөндөр оюнуна келген президенттердин баары менен жеке мамилеси бар экенин көрсөтө алды. Ажатканага кезек күткөндү кеп кылып, аны катачылык катары баса белгилөөдөн мурун, президенттин мамлекеттин кадырын көтөрүп, экономиканы жогорулатууга жасаган аракетине көмөктөшүшүбүз керек. Биз бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Биз канчалык өзүбүздүн элди, мамлекетти жактаган сайын ошончулук өнүп өсөбүз. Жамандап, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, мамлекетибизге эч кандай пайда келтире албайбыз. Ошон үчүн жакшыбызыды ашырып, жаманыбызды жашырып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошсок жакшы болот эле.
-Тышкы карыз боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн пикирин билдирди. Акматбек мырза, эсеп-чотту жакшы билген, экономиканы түшүнгөн инсансыз. Алмазбек Атамбаев президент болгондо тышкы карыздын суммасы канча эле, азыр канча болду?
-Мен билгени Аламзбек Атамбаев президент болуп келгенде тышкы карыздын суммасы 2,7 миллиард доллар болчу. Бүгүнкү күндө тышкы карыз 5 миллиарддан ашып кетти. Өкүнүчтүүсү, Атамбаевдин мезгилинде алынып келген акчалардын көбү эффективдүү пайдаланылбаганын турмуш өзү көрсөтүп жатат. Ошол эле Датка –Кеминди курууда жүздөгөн миллион долларлардын жок болуп кеткени боюнча менде малымат бар. Ошондой эле ТЭЦти модернизациялоодо дагы эсептөө палатасы жана эксперттердин эсептеги боюнча ойго, түшкө кирбеген суммалардын сапырылып кеткени ачыкка чыкты. Тактап айтканда, 100 миллион долларга чукул каражат жок болуп кеткен. Мына ушундай калпыстыкка жол бербейли. Эскини жамаганча, жаңы салалы деп, ТЭЦти модернизациялоого каршы чыккам. Себеби ТЭЦти жаңыладык деген каражатка Бишкектин төрт жерине 4 кичинекей жакшы ТЭЦ куруп койсок деле болмок. Себеби биздин шаар өсүп, жылдан жылга кеңейип жатат. ТЭЦти модернизация кылып Бишкек ТЭЦин жаңылаганыбыз менен андан чыккан электр энергия менен жылуулукту, ысык сууну шаардын четине жеткирүү боюнча маселе жаралат.
Мурунку бийликтин дагы толгон иштери чыгат. Анткени, түндүк-түштүктү байланыштырган алтернетавалуу жолду курууда дагы так ушундай маселе жаралышы мүмкүн. Ошон үчүн акчаны жөнү жок коротпой Бишкек –Ош жолун оңдоп-түзөп, туннель эле кылып койсо дегендер да бар. Мен да ошону туура көрөм. Себеби, жөн эле иш кылып жатабыз дегендей түр көрсөткөн долбоорлорго корогон каражат менен завод, фабрикаларды салып, элди иш менен камсыздасак болмок. Ал эми кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча да түрдүү сөздөр айтылып жатат. Ал фонд өзү каалаган адамга гана насыя берип, каалабаган адамга бергиси келбегени үчүн эффективдүү иштей алган жок. Ал жактан алган кредиттин пайызы аз болгону менен аны алуу кыйынчылык жараткан. Ал фонддун талабы катаал. Маселен, андан алган каражаттын пайызы аз делгени менен мөөнөтү кыска. Башкача айтканда, андан каражат алып, бир завод курганың менен иштей электе эле пайыздарын төлөй башташ керек деген маселе жаралат.
-Учурда Ак үй Көк үйдө Атамбаев күзүндө кырдаалды өзгөртүп жибериши мүмкүн деген сөздөр тарап жатат. Күзүндө кырдаал кандай болуп кетиши мүмкүн?
-Күзүндө кырдаал бүгүн кандай болсо андан да жакшы болот. Себеби, эл кышкыга даярдык көрүп малдарга тоют камдоо, өздөрү түшүм жыйноо менен алек болот. Бир нерсе болуп кетүү үчүн саясый себеп керек. Бүгүнкү күндө жаңы шайланган президент эл менен чогуу ачык айкын иштеп жатат. Мыйзамды тебелеген иштери жок. Ал эми Атамбаевдин элди көтөрөт деген маалыматтын таркап жатканы азыркы мезгилди эске албай 10 жыл мурдагы өзүн оппозицияда жүргөндөй ойлоп жатса керек. Бүгүнкү күндү андагы мезгил менен салыштырып болбойт. Бир жазуучу айтып чыгыптыр го “эгерде Атамбаев митингке чыкса эл батинкеси менен уруп жиберет” деп. Себеби элдин негизи катмары Атамбаевдин жасаган саясатын анын жүргүзгөн иштерине нараазы. Элдин 70-80 пайызы анын саясатына каршы. Атамбаевдин өзүнүн “мен андайга барбаймын” дегени чындык. Бир сөз менен айтканда күздө эч нерсе болбойт. Атамбаев эч нерсе кыла албайт.
-Рахмат.
Булак: NazarNews.kg