www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусияда базадан чыгып калган мигранттардын көйгөйүн чечүүгө аракет кылмак турсун, эл менен жолугуудан качып жатат. Бул тууралуу Орусияда иштеген Назира Акпаралиева билдирди.
«Элчи деген мигранттар менен тыгыз мамиледе иш алып барышы керек. Ал эми азыр кыргыз мигранттарынын маселеси өтө опурталдуу болуп жатат. Эмгек келишими жок, каттоого турбай, базадан чыгып калган мигранттардын маселесин ким чечет? Элчи Гүлнара-Клара Самат болсо, мигранттар менен жолугуудан качып келет», - деди Акпаралиева.
Эске салсак, 13-августта саат 14:00дө Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен түз жолугушуу болот дегенинен аталган элчиликке барып, бир аз болсо дагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтып келели деп барсак чыкпай койду, - деп «NazarNews» маалымат агенттигине Бакытбек Курманбаев билдирген.
Андан сырткары 2004-жылдан бери Москва шаарында иштеп, жашап келген кыргызстандык жаран да Россия Федерациясындагы элчиликтин ишин сынга алган.
«Элчи эжебиз келгенден бери эл менен жолуккан жок. «Элчи» деген сөз бар, бул эл менен бирге болуш керек дегенди билдирет. Азыркы элчиликте эл менен коомуникация жок болуп жатат», - деген мигрант.
Андан сырткары Орусияда эмгектенген жарандык активист Бакытбек Курманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мигранттардын атынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.
Булак: NazarNews.kg