www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жашоого-Аракет” кайрымдуулук коомунун жетекчиси Нурлан Саякбаев майыптардын үнү жогору жактагыларга жетпей жатканын айтып NazarNews маалымат агенттигине кайрылды.
Анын айтымында, майыптарга бериле турчу 4 пайыздык ипотеканын талаптарын өзгөртүп берүүнү суранып тийиштүү мекемелерге кайрылышкан. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес.
“4 пайыз менен ипотекага үй алуу үчүн 25 миң сом айлыгы менен жумушуң жана бир жылдын ичинде расмий түрдө иштеген кагазы, патент болушу шарт экен. Бизде майыптарга эмес дени соо адамдарга жумуш жок болуп, ар кайсы өлкөдө мигрант болуп жүрүшөт. Майыптарды расмий түрдө да ишке алышпайт. Кыргызстанда 50 миң үй ала албай жүргөн майып бар. Ошолордун ичинен жок дегенде 5 миң үй-бүлө алып калса сүйүнөт элем.
Акыркы үмүтүбүз президентибизде. Урматтуу Садыр Жапаров, биздин үнүбүздү угуп, 4 пайыздык ипотеканын талаптарын жеңилдетип берүүнү суранабыз ”,-дейт Нурлан Саякбаев.
Булак: NazarNews.kg