www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Достук айылынын тургундары жамааттык арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алар Пригородный айылынын жергиликтүү кеңешинин депутатына чара көрүүнү суранышкан. Аталган киши аларды коркутуп, 27 адамдан 3,5 миң сомдон ичүүчү суу кошуу үчүн алганын айтышкан. Мындан тышкары ар биринен дагы 1,2 миң сомдон төлөп берүүнү талап кылган.
Жалпысынан таза сууга туташтыруу үчүн мыйзамсыз түрдө 126,9 миң сом чогулткан.
Ал эми Достук айылындагы скважиналарды бургулоо жана ичүүчү сууга туташтыруу иштеринин бардыгын «Ихсан Карыя» ЖЧКсы жүргүзөрү аныкталган.
Бул факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүүнүн мурда соттолгондугу жана адистештирилген каттоодо тургандыгы аныкталган. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«Шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы буга чейин аныкталган. Жабырлануучуларды Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө же нөөмөт бөлүмүнүн 0312363523, 0312363527 телефондоруна кайрылууну суранабыз», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg