www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Алдыга чыккан партияларды толук кандуу өттү дегенге болбойт”, - деди бүгүн, 12-июлда NazarNews маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
--“Кечээ, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоого 185 миң 826 жаран катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 30,9 пайызын түзөт. Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген.
Апрелдеги болуп өткөн кезектеги шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү көбүрөөк болгон. Жалпысынан 3 шаар боюнча 36 пайыз шайлоочулар катышкан, ал эми бул жолу 30 пайызга жетти.
Азыр алдын-ала жыйынтыктар чыкты. Электрондук түрдө жана кол менен дагы саналды. 24-июлга чейин дагы толук жыйынтык чыгат.
Алдыга чыккан партияларды шайлоодон өттү дегенге эрте. Себеби айрымдары мыйзам бузду. Шайлоого байланыштуу кылмыш иши катталды. Жыйынтык чыкканда гана баары билинет”, - дейт төрайым.
Булак: NazarNews.kg