www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Орус аскерлери Киевди көздөй бет алды

Орус аскерлери Украинанын куралдуу күчтөрүнүн украин аскерлеринин формасын кийген жана Оболондон Киевдин борборуна карай жылып бараткан эки унаасын колго түшүрүштү. Бул тууралуу социалдык тармакка Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди.

«Орус аскерлери Украинанын куралдуу күчтөрүнүн украин аскерлеринин формасын кийген жана Оболон багытынан Киевдин борборуна ылдамдык менен бара жаткан эки унаасын басып алышты. Алардын артынан орусиялык аскердик жүк ташуучу унаалардын колоннасы келе жатат», - деп билдирди Маляр.

Эске салсак, Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Ушул тушта Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости