www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 1-класстын окуучуларын оозго алынгыз сөздөр менен урушкан мугалим кайрадан мектепке жумушка алынды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирет. 

Буга байланыштуу Акыйкатчы институту Билим берүү жана илим министрлигин балдардын билим алууга карата укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын тургуну Г. И. окуу жылы башталгандан кийин балдарын жалпы билим берүү мектептеринин биринен жеке менчик мектепке киргизүүгө мажбур болгон. Себеби, уулун 1-класста окуп жүргөндө кемсинткен мугалим кайтып келген.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Ош шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин биринде У. И. аттуу мугалим биринчи класстын окуучусун Г.И.нин уулун “мал” жана “акмак” деп тилдеп, баланы бетке чапкан. Ошондой эле ал класстагы балдарды “жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор” деп урушкан. Мунун баары Г. И.нин уулунун смарт-саатына жазылып калган. Үн жазууну уккан ата-энелер мектеп жетекчилигине чара колдонуу талабы менен кайрылышкан.

Бул окуядан кийин мугалим У. И. 2022-жылы 30-сентябрда жеке арызы менен жумуштан бошоого мажбур болгон. Бирок 2023-жылдын 4-апрелинде ал кайрадан ушул эле мектепке жумушка кирген.

Мектептин бул аракетине Г. И. нааразы болуп, адегенде мекеменин жетекчилигине, андан кийин алардан аракет болбогондо Акыйкатчы институтуна арыз жазган.

Акыйкатчы институту 2023-жылдын май айынан бери Билим берүү министрлигине бир нече ирет расмий билдирүү жөнөтүп, баланын укуктарын сактоону камсыздоого жана чара колдонууга чакырган. Бирок август айынын соңуна чейин жооп болгон эмес. 21-августта министрликтен У. И.ни тажрыйбасын эске алып кайрадан мектепке ишке алышканы айтылган жооп келген. Ушул эле катта баланын укуктарын коргоо жана мектеп бул багытта иш алып бара турганы эскертилген эмес. Министрлик мугалимдин кайтып келүүсүн ата-энелер да колдогонун белгилейт.

Бирок институт Башкы прокуратурага У. И. аттуу мугалимдин аракетине баа берүү чакырыгы менен расмий билдирме жөнөткөн.

Акыйкатчы институтуна келген көзөмөл органы берген расмий катта У. И. мектеп окуучуларын кемсинтүү жана басымырлоо менен Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 29-беренесин бузганы айтылат.

Ошондой эле 2023-жылдын 1-августунда аталган мектептин директору Б. Ж.га сөгүш жарыяланганы маалымдалган.
Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова Г. И. балдарын коргоо максатында аларды жеке менчик мектепке берүүгө мажбур болгонун белгиледи.
Бөлүм башчы берген маалыматка таянсак, 16-сентябрда Г. И.ге жеке менчик мектептен телефон чалышып,  документтерди алып кетүүнү айтышкан.

Г. И.нин айтымында, жеке менчик мектептин директору анын балдарын мектепке кабыл алуудан баш тарткан.
“Силерди Ош шаарындагы баардык мектептердин “кара тизмесине” киргизип салышты деп айтып жатышат. Ага айтып түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок директор уккан да жок. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек? Башталгыч класстардын балдарына билим берилбей калабы?,- дейт аргасы кеткен аял ыйлап. 

Акыйкатчы институту Министрлер кабинетин балдардын билим алууга карата укугун сактоону камсыздоого жана баланын укуктарын бузууга өтө эле одоно жол берген тараптарга чара колдонууга чакырат. 

“Билим берүү министрлигин педагогдун, ошондой эле шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинин аракетине баа берүүгө чакырабыз. Кенже класстын балдарына жаман айтып жана тилдеген, аларды кыйкырып урушкан педагогдун мугалим болууга моралдык укугу барбы?,-деп белгиледи Наиля Токтосунова.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы институтунун  Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкери Бубусара Анарбек кызы аталган кейсти туруктуу негизде карап жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости