www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Патрик Райдер Reuters агенттигине Ирандагы пилотсуз учактын чабуулуна америкалык аскерлердин тиешеси жок экенин билдирди. Ал бул боюнча кошумча комментарий берүүдөн баш тартты.
Al Arabiya булактары буга чейин кол салуунун артында АКШ жана башка өлкө турганын билдирген. The Wall Street Journal булактарынын айтымында, мунун артында Израил турат. Азырынча Ирандын өзүндөгү окуя үчүн эч ким жооптуу боло элек. Израилдин Тышкы иштер министрлиги комментарий берүүдөн баш тартты.
Ирандын Коргоо министрлиги мурдараак маалымдагандай, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Исфахан шаарына 28-январда учкучсуз учактар тарабынан чабуул жасалган. Бир аппарат абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөн, калган экөө "коргонуу капканына түшүп, жарылып кеткен" деп айтылган.
Булак: NazarNews.kg