www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров чечен тектүү швециялык UFC мушкери Хамзат Чимаев менен жекеме-жеке кармашка чыкты. Машыгуу залындагы күрөштүн видеосун мушкер өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Чимаев толук кандуу машыгуу жүрүп жатканын жазган.

«Чеченстан Республикасынын лидеринин жетекчилиги менен машыгуу толук кандуу жүрүп жатат», — деген ал.

26 жаштагы Чимаев буга чейин ден-соолугуна байланыштуу карьерасын жыйынтыктай турганын жар салган болчу. Кийинчерээк Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров аны спорттук машыгуусун улантууга ынандырганын билдирген.

Чимаев 2020-жылдан тарта UFC уюмунун беттештерине чыгып, 66 күндүн ичинде үч беттеш өткөрүп, баарында тең мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости