www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган спорттук-маданий иш-чара тарыхый инсан жердеген Чункурчак жайлоосунда кызуу өтүп жатат.
Бүгүн, 31-августта 17 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда Салбурун боюнча эл аралык мелдеш башталды. Анын негизги максаты кыргыздын улуттук оюндарын жайылтуу жана эл аралык деңгээлге чыгаруу болуп саналат. Жалпысынан чет өлкөлүк 120 ал эми Кыргызстандан тандалган 100 спортчу келген. Алардын ичинде Ош шаары жана Ош облусунан келген 20 дан ашуун спортчу салбурун оюндарынын ар бир түрү боюнча катышууда.
Мелдештер спорттун тайган жарыш, бүркүт салуу, ителгини далбага агытуу, жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу сыяктуу түрлөрү боюнча өтүп жатат. Ал эми салбурун оюндары боюнча мелдеш эки этапта өтө тургандыгы айтылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын президенти Садыр Жапаровго жарандар өз көйгөйлөрүн кат аркылуу берүүнү өтүнүштү.
-- Силерди ушул жерден кармап калбасак, жолугуу өтө кыйын экен, - деди белгисиз жаран.
Булак: NazarNews.kg