www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиялык легендарлуу футболчу Пеленин абалы кескин начарлап кетти.

Ал жакындары менен коштошконун үй-бүлөсү тараткан видеого шилтеме кылып, безнес өкүлү Фрэнк Халид Твиттерге жазды.

"Ооруканада жаткан Пеле үй-бүлөсү жана достору менен коштошту. Футбол легендасы рак менен күрөштө акырындап жеңилип баратат. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн айтымында, абалы күндөн күнгө начарлап баратат", - деп жазган Халид.

Белгилүү футболчу жоон ичеги рагы менен жабыркап келет. Оору өткөн жылдын күзүндө аныкталган, мындан улам ал химиотерапиядан өткөн. Бирок кийинчерээк 82 жаштагы спортчунун ден-соолугу аны көтөрө албай калган. Буга байланыштуу анын абалы акырындап начарлай баштаган жана 29-ноябрда ооруканага жаткырылган.

Пеле - үч жолу (1958, 1962 жана 1970-жылдары) футбол боюнча дүйнө чемпиону болгон ааламдагы жалгыз футболчу. Дүйнөлүк мундиалга төрт жолку катышкан. Ал 1940-жылы 23-октябрда Бразилиянын Трес-Корасойнс деген жеринде туулган.

Толук аты жөнү Эдсон Арантис ду Насименту. Анын Пеле дегенден сырткары "Футбол падышасы" деген да каймана аты бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости