www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рита Карасартова Өкмөткө тиешелүү Кесиптик техникалык билим берүү (Профтехобразования) системасынын жетекчисиби же НПОнун кызматкериби? Мындай суроону Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шүкүрбек Эркебаев көтөрүп, төмөндөгүдөй пикирин жарыялады. Анын тексти өзгөртүүсүз берилди.
"Рита Карасартова Өкмөткө тиешелүү Кесиптик техникалык билим берүү (Профтехобразования) системасынын жетекчисиби же НПОнун кызматкериби?
"Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" - демекчи, аткаруу бийлигиндеги өзүнө тагылган милдетти аткарбай, саясатка аралашып, өзүнчө шайлоо өткөрүүнүн эксперти болуп, эл билген эле көрүнүштү өзүнчө жаңылык ачып жаткансып биринчи класстын мугалиминдей сабак өткөнүн кандай түшүнсөк болот?
Шайлоо системасынын бүгүнкү күндөгү ушундай акыбалын ар бир катардагы карапайым жарандар түшүнүп бүткөн эчак эле. Өзүнүн түздөн-түз жоопкерчиликтеги аткаруу бийлигинин кызматкери катары Кесиптик билим берүү тармагында жасай турган реформалары жөнүндө коомчулукка кайрылуу жасаса рахмат айтып, ыраазычылык билдирмекпиз. Бул көрүнүштү кандай түшүнсөк болот?
Өзү аткаруу бийлигиндеги бакыйган департаменттин жетекчиси. Анан "өмүр бою бийликте калчулар" - деп, бийликке асылганын кандай түшүнсөк болот?
Рита Карасартова өзүнүн аткаруу бийликтеги негизги жоопкерчиликтеги ишин таштап коюп, ЛГБТлардын митингинде чуркап жүргөнүн, минтип саясатка аралашып жатканын кандай түшүнөлү?
Же аткаруу бийлигине караганда НПО жакшы бекен, Батыштын акчасын алып коюп, кыйкырып коюп, ар кимге догурунуп жүргөн убактысын сагынып жатабы?
Же мен да бармын, шайлоого барайын, мен мындайды билем деп, өзүн - өзү реклама кылып жатабы?
Сындаш оңой, аткаруу бийлиги оңой эмес. Сен иштешкен вице-примьер Аида Исмаилова куру кыйкырык кылып, түшүнүп-түшүнбөй көрүнгөн тармакка асыла берчү. Өзгөчө саламаттыкты сактоо, элге билим берүү, соцтармактардын жетекчилерине акаарат кылып, жаш баладай жемелечү. Мына өзү ошол соцтармакты тейлеп калганына үч айдын жүзү болуп жатат. 100 күндө эмне жумуш, эмне программа, эмне өзгөрүү киргизди?
Элементардык жазып берген кагазды эптеп окуп бере албай оозунан бисмилласы түшүп, өчтү. А сага дагы Профтехобразованиени жетектөө оңой эмес. Уктап жатып, сенин негизги аткаруу бийлигиңе киргизген жаңылык, реформа эмес дагы деле НПОчу, укук коргоочу экендигиңди унута албай, Батыштан алган акчаңды актай албай, митингдерден сороң этип чыга калып жүрөсүң...
Эми саясатка аралашып, шайлоого жаңылык киргизгенсип, саймедерелеп Ютубдан чыга калып, өзүңдү реклама кылып, бийликке асыла калып, Батышка отчет берип жатасыңбы? Уят болот.
Урматтуу М.Абылгазиев, анын орун басарлары, ушуга окшогон ээн баш аткаруу бийлигинин жетекчилерин карабай кайда жүрөсүңөр?", - деп сөзүн аяктаган Эркебаев.
Булак: NazarNews.kg