www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Руслан Бекназаровдон адашкан “берене”

Бүгүн, 11-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун соту болду. Соттун жүрүшүндө прокурор Бекназаров айыпталып жаткан беренени адаштырган. Бул тууралуу Руслан Бекназаров NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Тагыраагы прокурор Бекназаровду 232-берене боюнча айыптаган.

"Аталган берене "мыйзамсыз насыя берүү" болуп саналат. Менин жактоочум жана сот дагы бул боюнча тактап сурады. Бирок мамлекеттик айыпкер жооп берген жок. Бул өз ишине кылган шалаакылык деп эсептейм. Адамдардын тагдыры оюнчук эмес", - деди Бекназаров.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-сентябрында Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен иш козголгон.

Ал эми, 2-ноябрда ал үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости