www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондон былтыркы жолугушуудан кийин эле түңүлгөнүн айткан. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде билдирди.

Иманкуловдун айтымында, Рахмон Садыр Жапаров менен Өзбекстанда жолукканда да чек ара маселеси боюнча эч кандай реакция кылган эмес.

"Чек арада кагылышуу башталганда Садыр Жапаров Өзбекстанда Эмомали Рахмон менен жолукту. Ал кишиде эч кандай реакция болгон эмес. Атышуу болуп жаткан жерге Чек ара кызматынын жетекчиси менен УКМК жетекчиси келди. Алар буйрук берип токтотуп коюуга укугу бар эле, бирок анткен жок. Себеби жогору жактан андай буйрук болгон эмес. Былтыркы кагылышуудан кийин дагы Садыр Жапаров элдин сын-пикирине карабай Рахмон менен сүйлөшүүгө барган. Келгенден кийин Тажикстан президентинен түңүлгөнүн, аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес экенин айткан", — деди Иманкулов.

Иманкулов Тажикстанда президент башкы командачы экенин, Кыргызстанга каршы мындай куралдуу агрессияны Рахмондун жеке буйругусуз ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости