www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында Көк-Таш айылынын тургуну президентке мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков ал жердеги жерлерди мыйзамсыз бергенин айткан. Бул тууралуу видео соцтармактарга тарап, эл ичинде талкууга алынууда.

«Разаков вице-премьер болуп турганда аталган айылга барып, чогулуш кылган. Жыйынга келген тургундарды «сен ушул айылда жашайсыңбы же жокпу?» деп катуу текшерген.

Видеодон: «Чогулуштарда кыргыздардын жерин тажиктердики, башка жерге алмаштырабыз деп, элди коркутуп, кол койдурткан. «Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз Жеңиш Разаковду жоопко тартасызбы? Эч ким эч кандай чара көрбөй жатат», — деп айтканын көрүүгө болот.

Ал эми буга Садыр Жапаров: «Баткендеги жерлер боюнча Жеңиш Разаковго тиешелүү документтерди карайм. Кагаздарын карай элекмин. Силерде документтер барбы, ошолорду алдырып карайм, анан жообун сиздерге берем», – деген жообун берген.

Эске салсак, Жеңиш Разаков 2018-2020-жылдары вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости