www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Касиеттүү Ысык-Көлдү көздөй, тагырагы, Садыр Жапаровдун туулуп-өскөн жери - Кең Суу айылына сапар тарттык. Садыр мырзанын карыган ата-энесинин ал-акыбалын сурап барганбыз. Амандашып, денсоолугун сураганда эле: “Балам камалгандан бери күч-кубатымды жоготтум, аны бирөө тартып алгандай...” деп оор үшкүрүнүп, буркураган 84 жаштагы Нургожо Ажы атанын көз жашын көрүү бизге аябай оор болду.
Ыйласа жанына киши туралбайт. Баласынын Кыргызстанга келатканын, кечээ эле боштондукта жүргөн күндөрүн эстегенде кубанып, ал эми бүгүн темир тор артында, муздак жерде отурганын эстегенде эт жүрөгү эзилип, көзүнөн мончок-мончок жаш кетип атты...
-Өкмөт башчысы акыйкат болуш керек. Мына айтып жатпайбы өзү, “мыйзам менен карагыла”, деп жатат. Канакей ошол мыйзам. Баламдын ак экенине ишенем. Садыр ак көңүл. Чындыкты сүйгөн адам”, - деп көзүнө жаш алды Нургожо ата.
Булак: NazarNews.kg
Нургожо Ажы атанын жүрөктү эзген маегин төмөнкү тасмадан көрө аласыздар: