www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО – Саясатчылар түз эфирде мушташа кетти

Молдованын мурунку ички иштер министринин вице-министри Геннадий Косован жана президент Майя Сандунун экс-кеңешчиси Сергей Тофилат телекөрсөтүүдө мушташкан. Косован эсин жоготуп, дарыгерлердин жардамына муктаж болду.

РИА Новости билдиргендей, саясатчыларды Jurnal TV телеканалындагы программага эксперт катары катышууга чакырышкан. Түз эфир учурунда алар ич ара уруша кетип: мурунку вице-министр атаандашын “недоноска” деп атап, ага стакандгы сууну куюп жиберип, жооп иретинде бир нече муштум жеп, эсин жоготкон.

Экран алдына чыгып жатканда, сиз зордук-зомбулук көрсөтө албайсыз. “Эгер сизге суу чачып салса, анда сиз кайра дал ошондой жооп бере аласыз,  муштумуңуз менен эмес...”

Косован мырзага медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматын чакырууга туура келди », - деп жазган Facebook баракчасына Либералдык партиянын төрагасы Дорин Чиртоака, ал дагы программанын катышуучуларынын бири болгон.

Кийинчерээк программанын алып баруучусу Дмитрий Мишин тараптар жаңжалды жөнгө салышканын айтып, Тофилат менен Косован кол алышып учурашкан сүрөтүн жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости