www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура сунуштап жаткан жаңы Жазык-процессуалдык кодекс боюнча парламенттин депутатына эч бир мамлекеттик органдын макулдугу жок эле иш козголот.

"Бирок иш козголгондон кийин Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана бөгөт чарасы чечилип, тергөө иштери жүрөт. Парламент макулдук бербесе иш кыскартылат", - деди башкы прокурор Курманкул Зулушев.

Ушул күндөрү Жогорку Кеңеште жаңы кодекстер талкууланып жатат. Быйыл 5-майда күчүнө кирген Конституцияга ылайык, депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартууга болот.

“Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамда депутатка кылмыш иши башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн экени, аны жоопко тартууга макулдук алуу үчүн башкы прокурор же ишти карап жаткан сот Жогорку Кеңешке сунуштама киргизиши керектиги жазылган. Ал сунуштаманы кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлөт.

Кыргызстанда парламент депутаттарына кылмыш иши козголуп соттолгон учурлар бар. “Кумтөр ишине” байланыштуу ушул күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жатат. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости