www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Сары-Челектин жолу оңдолуп, асфальт төшөлөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарымдын алкагында Сары-Челектин жолунун абалы менен жеринен тааныштым. Бул тууралуу Транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасында билдирди.

"Өзүнүн уникалдуу, кооз жаратылышы менен таанылып, миңдеген туристтер көрүүгө ашыккан Сары-Челектин жолу жылына кеңейтилип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет. Албетте, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү.

Мындан улам, мамлекет жетекчисинин демилгеси менен айыл аралап, асман тиреген тоолордун койнунда мелтиреп жаткан көлүбүзгө барчу жолго асфальт төшөө пландалууда. Жергиликтүү калк менен келген коноктордун каалоосун эске алып, өзгөчө коргоодо турган кереметүү Сары-Челек коругунун жолун оңдоо мерчемделүүдө. Буюрса алдыда пландаган иштер жүзөгө ашып, туристтерге түзүлгөн шарттар жакшырса, Кыргызстанга келген коноктордун агымы артарына шек жок", — дейт министр.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости