www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө бекети зор мүмкүнчүлүктөргө ээ. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев кечээ, 12-мартта NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Түркияны эсепке алганда, 5 мамлекет “Эркечтам” аркылуу Кытайдын товарын алууга кызыкдар. “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө бекети зор мүмкүнчүлүктөргө ээ, аны колдонуу зарыл. Аталган бекеттен Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Ооганстанга жүк ташууга болот жана бардык мамлекеттер кызыкдар. “Эркечтамдын” жанындагы Сары-Таш айылына соода борбор куруу керек, ошондо саясат туура багытта кетет. Дүйнөдө бардык мамлекет Кытайдын товарына көз каранды. “Биз логистиканы өнүктүрүү боюнча стратегияны жазып бергенбиз, бирок өкмөттө аны окуп түшүнгөн киши жок. Мындан улам көйгөйлөр жаралууда”, - дейт төрага.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости