www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан жүк ташуу жаатында жаңы тартиптерди киргизген. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Казакстан жүк ташуу жаатында жаңы тартиптерди киргизген. Бизде өлкөлөр аралык келишим бар. Ага ылайык, келишимге кошулган мамлекеттердин ичинде акысыз жүрө алабыз. Анткен менен Казакстан жаңы эрежелерди ойлоп таап, уруксат кагаздарын сатып жатат. Уруксат кагаздары бир жылга 700ү гана берилет. Бул жүк ташуучулар үчүн өтө эле аздык кылат. Кыргызстандын жүк ташуучулары буга чейин Жогорку Кеңешке, Транспорт жана жол министрлигине кат жолдоп, абалды жөнгө салууну өтүнгөн. Бирок майнап чыккан жок. Анткени Казакстан Кыргызстан аркылуу кеткен товарларга тоскоолдук жасап келишет. Мындан улам Кыргызстан үчүн ыңгайсыз абал жаралууда”, -дейт Шабданалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости