www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл сайын тарнспорт министринин орун басарларынын бирөө сөзсүз коррупция менен кармалат. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Кыргызстандын экономикасы үчүн автотранспорт маанилиүү. Бирок Кыргызстанга транспорт тармагын түшүнгөн адам министр болушу керек. 20 жылдан бери бул тармакты түшүнбөгөн адистер министр болушууда. Мисалы, мугалимдер, физиктер дегендей. Эч кандай жакшы жыйынтыкытар болгон жок. Керек болсо жүк ташуучуларга жеринде барып көйгөйлөрүн уккан жок. Биз канча айтсак дагы маани беришпейт. Себеби, жүк ташуучулардын маселесин түшүнбөйт. Быйыл гана өз кесибин билген,тажрыйбалуу министр айым келди. Ал адам биз менен тыгыз иштешип жүргөн. Бул тармакты жакшы билет, алдыда жакшы иштерди алып барат деп ишенебиз. Ошондой эле, жүк ташуучулардын көйгөйлөрү чечилип калаар деген үмүттөбүз.
Ал эми министрликте кесипкөй адистер дагы жокко эсе. Кыйын кадрлардын баары айлык маянасы аздыгынан кетип калышкан. Жыл сайын байкасаңар тарнспорт министринин орун басарларынын бирөө сөзсүз коррупция менен кармалат. Себеби, транспорт министрлигине жол тармагы дагы кошулган. Жолдорду курууда, оңдоп-түзөөдө көп катачылыктар кетип, каражаттарды кымырып алышып, орун басарлары же кызматкрелери камалат экен да”, - дейт Шабданалиев.
Булак: NazarNews.kg