www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-июлда Жогорку Кеңештин депуттары шайлоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Жыйында суроо жооп учурунда Шайлдабекова менен депуттардын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болду.
“Депуттардын айткандарына комментарий берип каяша сүйлөп отурган эмне деген көрүнүш? Кимге таянып жатат алар? Урматтуу төрага мындай жетекчилерди тартипке чакырышыңыз керек деп эсептейм. Депуттатар айтып жатат шайлоодо мыйзам бузууларга адилеттүү карагыла деп. Бир партия эле добуш сатып алды калгандары оозун ачып отурду дейсиңерби? Бир партияны чыгардыбы анда баарын чыгаргыла. Борбордук шайлоо комиссиясынын шалаакылыгынан бизде кайра кайра революция болуп жатат. Бул көрүнүш күзүндө дагы болушу мүмкүн! Ошол көтөтрүлүш болуп кетпесин деп чырылдап жатабыз. Сизге жөн ган асуроо берип жатат кесиптештерим кайым айтышып “в отличие от вас” дебей жооп берип койсоңор”,- деди депутат Атазов.
“Эскертүү туура берилип жатат. Депутаттар суроо берип жооп алууга укуктуу. Регламент ошондой. Силер бул жерге жооп үчүн отурасыңар. Эскертүү берем, суроого комментарий бергенди токтоткула! Бул жерде эч кандай "личный" суроолор берилген жок”, - деди ЖК депуттарынын төрагасы Талант Мамытов.
Булак: NazarNews.kg