www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирдеги кыргыздардын спутник телефондору бар. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов айтты.  

-- "Памирде эмес, башка жерде төрөлсө деле жаштары Кыргызстанга эле эмес, Америкага, каалаган материгине кетип калып жатпайбы. Ошондой эле, памирликтер эркин. Аларды бир жерде камалып калган шордуулардай көрбөш керек. Алар деле эркин, кээ бир жагынан бизден алдыда турат.

Мисалы, алардын спутник телефондору бар. Биз барган учурда алардын ханы биздин Мургабда кармалып жатканыбыздан бери билип алыптыр. Рахманкул хан деген дүйнөдө эмне болуп жатканын билип турган. Азыр алар күндөн кубат алган жабдууларды алып, үйүнө бизде жок телевизорду коюп алышкан. Интернет дагы бар, керек болсо аларга онлайн сабак өтүп койсок да болот. Аларды үңкүрдө жашап жаткан элдей көрбөш керек. Көп нерсени алар бизден жакшы билет.

Тамак-аш маданияты биздикинен он эсе жогору турат. Памирликтердин өмүрү Памирде гана кымбат. Памирликтер Памирге абдан керек. Бозой деген киши болгон экен, ал дүйнөдөн өткөндөн кийин ага Бозой күмбөз деп ат коюшкан. Ал кыргыздын бир баатыры, анын сөөгү дагы кыргыздын жерин кайтарып жатат да. Ошол жер Бозойдун аты менен аталып, кыргыздын жери болуп турат. Анын өлүгү да кыргыздарга иштеп жатат. Улутка кызмат кылып, жерди коруп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости