www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Партия жана бир мандаттуу дагы болгону туура”, - деди бүгүн, 12-июлда NazarNews маалымат агенттигине серепчи Шерадил Бактыгулов. 

--“Баш мыйзам кабыл алынганда аралаш система шайлоо системасы бекитилип калган. Бул эмне дегенди түшүндүрөт? Жарымы бир мандат менен шайланат. Калганы болсо партия менен кабыл алынат. Партиялык шайлоо системасы менен кеткенибиз абдан туура болду. 2010-жылдан бери бизде саясий партиялар деле жок болуп калган. Себеби, партиянын лидерлери жарандардын укугун кесип салган десек болот. Лидердин чечими менен кесилгени туура эмес. Бирок жаңы Конституцияда бул бекитилип калды.

Мамлекеттик маанидеги чоң маселелер партиянын негизинде чечилиши керек. Айрым аймактардан же шаарлардан бир дагы депутаттар чыккан эмес.

Ал эми кээ бир айылдардан чыккан эл өкүлдөрү өздөрүнүн жерлеринин кызыкчылыктарына чечип, акча которгонго жардам беришкен. Мындайча айтканда кызматынан пайдаланып өздөрүнүн айылдарын өнүктүрүүгө жардам беришкен.  

Бюджеттеги акчаны өздөрүнүн аймактарына эле бөлдүртүп, маселени чечип келишкен. 

Партия болсо бирдей каралат деген болбойт. Ошондуктан 35 аймактан депутаттар шайланганы туура”, - дейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости