www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылдын декабрь айынын башында Сокулук РИИБнин башчысы Бишкек-Торугарт автожолунда жүк ташуучу Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен кагышкандыгы маалымдалган. Окуядан кийин Сокулуктун милиция жетекчиси изин жашырып кеткендиги дагы айтылган болчу. Ал эми жүк ташуучу Mercedes-Benzтин айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилип, кийинчерээк ал адам каза болуп калган.
Бул окуя боюнча жакында эле жаңы маалыматтар чыгып, анда жабырлануучу тарап Сокулук РИИБнин башчысы Максат Чойбековго карата тосмо арыз жазып бергендиги белгилүү болгон. Бул маалыматты маркумдун уулу дагы тастыктап, “Максат Чойбеков бардык моралдык жана материалдык чыгымдардын ордун толуктап берди, менин ага доом жок, доом болгону убагында Чойбековду кармабаган МАИ кызматкерлерине гана бар”, - деген эле. Ал эми Чойбеков териштирүү убагында ээлеген кызматынан бошотулуп турган.
Тилекке каршы, муну менен окуя бүтүп калбаптыр. Анын уландысын бүгүн блогер, интернет колдонуучу Болот Ибрагимов видео аркылуу айтып берди. Көрсө, жол кырсыгынан каза болгон маркумдун аялы интернеттен Сокулук РИИБнин башчысына жазылган тосмо арыз тууралуу элден чогулган ар кандай комментарий, ой-пикирлерди окуп отуруп, жүрөгү чыдабай каза болуптур. Блогер Болот Ибрагимов аялдын өлүмүнө таш боор коом күнөлүү экендигин айтып, жабырлануучунун уулу аз убакыт аралыгында атасынан жана энесинен дагы ажырап отургандыгын өкүнүү менен айтты.
Булак: NazarNews.kg