www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Китепти кирпиктериң чарчаганынан шыңгырай баштаганга чейин окуш керек.
(Элиас Канетти)
Окуу кээде күрөш менен коштолот.
(Поль Рикер)
“Көп окуш керк” деп айтышат. Бирок, баарын эле эмес.
(Кенже Плиний)
Китеп окуу – бул данышмандар менен маектешүү, кыймыл-аракет болсо келесоолор менен жолугушуу.
(Фрэнсис Бэкон)
Окуп, бирок түшүнбөсөң – ал окубагандай эле кеп.
(Ян Амос Коменский)
Эгер менин бутумдун астында дүйнөдөгү бардык падышачылыктардын таажысын коюп, “сүйгөн китептериңе алмаш” десе, мен баш тартмакмын.
(Франсуа Фенелон)
Көнүгүү денеге кандай керек болсо, окуу да акылга ошондой эле керек.
(Джозеф Аддисон)
Китепти канчалык аз окусаң, ошончолук тандап окуш керек болот.
(Жан Жак Руссо)
Китепти жазуучунун катасын табыш үчүн окугандар да бар.
(Люк де Клапье Вовенарг)
Китепти ойлонбош үчүн окуган да кишилер бар.
Адамдар окугандарын унутуп калган себеби, алар өздөрү аз ойлонушат.
(Георг Кристоф Лихтенберг)
Уйку жакшы нерсе, китеп андан да жакшы.
(Джордж Мартин)
Эчтеке окубагандан көрө, расписание менен каталогду болсо да окуш керек.
(Сомерсет Моем)
Гете менен Шекспир бүтүндөй бир университетке тең.
(Александр Герцен)
“Эмнени окуп жатканыңды айтсаң, мен сенин ким экендигиңди айтып берем” деген туура эле. Бирок кайсы китепти кайра-кайра кайталап окууруңду айтсаң, мени сени жакшыраак билем.
(Франсуа Мориак)
Жакшы жазылган китеп дайыма кыскадай болуп сезилет.
(Джейн Остин)
Менин турмушума байланыштуу нерселердин баары мага китептен окугандай сезиле берет.
(Жан Поль Сартр)
Китеп – сүйлөшө албай турган кишилер менен сүйлөшүүнүн эң жакшы ыкмасы.
(Фредерик Бегбедер)
Көп окуп, көп баскан киши көптү көрүп, көптү билет.
(Мигель де Сервантес)
Бейиш – бул китепкана: суткасына жыйырма төрт саат, жумасына жети күн, жок... сегиз күн ачык турган жер.
(Алан Бредли)
Эгер китеп болбогондо мен эчак акылдан айнып калмакмын.
(Артур Шопенгаеэр)
Китеп – бул күзгү сыяктуу: эгер ага келесоо каранса гений көрүнөт деп күтпөш керек.
Эмне кыларыңды билбей калсаң, китепканага бар.
(Джоан Роулинг)
Колунда жакшы китеби бар киши эч качан жалгыз болбойт.
(Карло Гольдони)
Балдар үчүн жазылган баардык китептерди окумайынча чоңойгонго болбойт.
(Олдос Хаксли)
Бул жерде китепсиз кантип жашап жатасыңар? Китепти алып койсоңор мен жинди болуп кетмекмин...
(Эмили Бронте)
Сен кандай адам болоруңду эки фактор аныктайт: сен сүйлөшкөн кишилер жана сен окуган китептер.
(Робин Ширма)
Китептин жыты – жомокту элестеткен эң сонун жыт.
(Стивен Кинг)
Китепти буга чейин эч нерсе алмаштыра алган эмес. Мен ишенем, келечекте деле эч нерсе алмаштыра албайт.
(Айзек Азимов)
Даярдаган Мамат САБЫРОВ
Булак: “АЗИЯnews”