www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте чек арада чыккан жаңжалда кармалгандарды бошотууну талап кылып, эл митингге чыкты.
Айыл тургундарынын айтымында, ар бир чек ара жаңжалында алардын үй-бүлөсү үйүн, мал-мүлкүн таштап качууга мажбур.
«Биз Баткен жана Лейлектин жашоочулары тынчтыкта коркпой жашагыбыз келет. Биз дагы качанкыга чейин коркуп жашашыбыз керек? Канча жолу качышыбыз керек? Өлкө жетекчилигинен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бизге жакын көчүрүү тууралуу маселени карап берүүсүн суранабыз», — деди Жоробай Байзаков.
Маалымат жыйындын башка катышуучуларынын айтымдарында, чек арага жакын жайгашкан райондун тургундары жерлерин алмаштырууга да даяр. «Биздин облустун аймагындагы жер аянттары абдан татаал экенин түшүнөбүз. Үйлөр абдан жакын жайгашкан. Делимитация жана демаркациялоо кыйынга турат, мындан улам жерлерин алмаштырууга да даяр», — дешет Көк-Таш айылынын тургундары.
Эскерте кетсек, Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00.40дө белгисиз адамдар кыргыз жаранынын унаасын таш менен уруп, өздөрү Тажикстанга кире качышкан. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланып, ичиндеги жарандар жаракат алышкан.
Бир сааттан кийин мындай окуя Көчө-Карын жергесинде кайталанган. Анда Баткенден Көк-Ташка бараткан кыргыз жаранынын унаасынын маңдайкы айнеги талкаланган.
Болжол менен саат 02.40 мүнөттө Дахма жергесинде кыргыз жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Ал жарандыкына бара жаткан милиция кызматкерлери менен чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Мындан улам айылда жаңжал чыгып, эл коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Булак:NazarNews.kg