www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
UFCнин жеткечиси Дана Уайт ууруну токтотуп калып, жумуштан айдалган Гаваи аралынын тургуну Саммер Тапаса-Сатараканы жумушка чакырды.
Окуя декабрь айында жергиликтүү электроника дүкөнү BestBuyда болуп өткөн. Видеодо көрүнүп тургандай сатуучу аял эркек кишинин товар уурдоосуна күч менен каршылык көрсөтүп, кылмыштын болуусуна жол берген эмес. Бирок кийинчерээк, Саммерди жумуштан компаниянын эрежесин бузгандыгы үчүн бошотуп жиберишкен.
Дана Уайт:”Бул Саммер Тапаса-Сатарака. Ал уурулукка жол берген эмес, бирок аны жумуштан бошотуп салышкан. Эс алуу күнү мен Саммерге учуп барып, Макгрегор менен Кавбойдун беттешине билет белек кылам. Ал мага иштешин каалайм! Саммер, жашооңдогу эң мыкты эс алуу күндөрүңө даярдана бер”,-деп Инстаграмм баракчасына жазып, видеону кошо тиркеген.
Жогорудагы ууру сумо менен машыккан профессионал сумоист болуп чыккан.
Булак: NazarNews.kg