www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөмдүн желегин көкөлөтпөй убакыт тардыгына карап кирип кете бергенге жарандык абийрим чыдабады. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Женева. БУУнун Женевадагы штаб- квартирасына жолугушууга кирип баратып, көзүмө БУУнун курамына кирген 193 өлкөнүн мамлекеттик желеги желбиреп турган аянтча урунду.

Дүйнөнүн желектери Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы имаратына кире берген жерде кыркалекей тизилип турган аянтчадан өз мекенимдин желеги - КРнын алдында эстеликке сүрөткө түшөйүн деп бардым.

Дүйнөнүн 192 желеги шамалга желбиреп турса, биздин желек флаг- штоктогу троско оролошуп, желбиребей, бүрүшүп турганы мени жаран катары намыстантты (1-сүрөт).

Жолугушууга саналуу убактым калганына карабай Мекенимдин желегин башка желектердей желбиретип, андан соң жолугушууга кирем деген чечимге келдим.

Өлкөмдүн желегин көкөлөтпөй убакыт тардыгына карап кирип кете бергенге жарандык абийрим чыдабады.

Тийиштүү адамды таап, өлкөмүн кызыл туусун башка 192 өлкөнүкүндөй абага көкөлөтө желбиреттирдим…(2-сүрөт )

Жандүйнөмдө атуулдук ыйык сезим үн салат:

- Желбирей бер, түбөлүк кыргызымдын кызыл желеги, өлкөмүн Эркиндик символу…

БУУнун имаратына кирип баратып, өлкөмүн Ыйык туусун карадым…

Дүйнөнүн 193 желегинин катарында Кыргыз Республикасынын туусу желбиреп турду…», - деп жазган Раев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости