www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз сахнасында жаш, кары дебей элдин алкоосуна татып, керемет чыгармалары, таланты, сулуулугу менен өзүнө тартып турган КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова бүгүн бизде мейманда.

- Гүлнур айым, сиз үчүн үй-бүлө?

- Мен үчүн эң ыйык бул менин үй-бүлөм. Себеби, бир гана үй-бүлөң сени ар дайым колдоп, жакшы, жаман күндөрүңдө ар дайым жаныңда бирге болушат.

- Жашоодо өкүнгөн нерсеңиз барбы?

- Ар бир адамда болсо керек. Бирок, өткөн ишке өкүнбөө керек экенин жакшы билем. Ошондой болсо да катачылык кетирген болсом, ал нерселердин баардыгын оңдогонго, өзгөрткөнгө аракет кылам. Себеби, бул жашоодо идеалдуу адам болбойт. Баардыгыбыз катачылыктарды кетиребиз. Мисалы, жаштыктан, билбестиктен, тажрыйбанын жоктугунан ж.б

- Бала кезиңизде кыялданган максаттарыңызга жеттиңизби?

- Бала кезимде дарыгер болууну абдан самачумун. Бирок, ал максаттарым ишке ашпай калды. Бирок, сөзсүз ырчы болмокмун. Себеби, союз мезгилинде ырчылардын саны аз болуп, аларды чанда эле көрөөр элек. Мектепте окуп жүргөндө Алла Пугачёваны абдан кумир тутуп, ошондой ырчы болсом деген максатыма жеттим.

- Ырчы болбой калсаңыз ким болмоксуз?

- Бала кезде ойлогон кыялымды ишке ашырып, дарыгер болууга аракет кылмакмын. Мен мектепти бүткөн соң атамдын каалоосу менен кондитердик окуу жайга тапшырып, ийгиликтүү бүткөм. Таттуулардын түрүн жасаганды билем. Атам менин ырчы болушумду каалачу эмес.

- Бош убактыңызда эмне менен алек болууну жактырасыз?

- Мен өзүм бардык нерсеге жөндөмдүүмүн. Көп нерсени тез эле үйрөнүп кетем. Тамакты абдан жакшы жасайм. Апам кырк жыл ашпозчу болуп эмгектенген. Апамдын бул өнөрү мага өтсө керек. Бош убактым болуп калса сөзсүз үйдө тамактын түрүн жасайм.

- Күйөмандарыңыз сиз үчүн...?

- Менин ырларымды сүйүп уккан күйөрмандарым бар үчүн бүгүнкү күндө атактуу ырчы болуп жатам деп эсептейм. Күйөмандарымды абдан жакшы көрөм жана сыйлайм. Алардын мага берген күч-кубаты үчүн ыраазымын! Сахнага чыккан ар бир ырчы үчүн анын күйөрмандарынын колдоосунан өткөн бакыт жок деп билем.

- Арыла албай жүргөн адатыңыз же паразит сөздөрүңүз барбы?

- Жаман адатым деле жок го... Өзүмө бул нерселер билинбейт. Сырттан караган адамга жакшы көрүнсө керек. “Мисалы үчүн, мисалы” деген паразит сөздөрүм бар.

- Мүнөзүңүз кандай?

- Ар дайым шайыр жүргөнгө аракет кылам, бир ишти баштаарда абдан көп ойлоном, ак көңүл мүнөзүм бар. Мага жакпаган мүнөзүм чечкиндүү болбогондугум.

- Эмнеден коркосуз?

- Курт-кумурска, жыландардан абдан корком.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости