www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөр алтын кени 30 жыл ичинде мамлекетке 100 млн доллар гана пайда алып келиптир. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин шаарында жаңы төрөт үйүнүн имаратына мезгил кутусун салуу иш-чарасында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Кумтөрдөн 2021-2025-жылдар аралыгында миллиард доллардан ашык пайда тапкан.
"Ал эми биз башкарып жаткан 5 жылдын ичинде миллиард доллардан ашык пайда алдык. Мамлекетти талап- тоноочулук буга чейин кандай көп болгон. Булар алтынды өздөрү чыгарган, өздөрү эсептеген, ар айда учакка салып алып кетип жатышкан. Ысык-Көлүбүздөгү байлыгыбызды түздөн-түз тоноого жол берип коюшкан. Себеби жогору жактагылар, "долясын" алып отурушкан.
Ал эми, Садыр Нургожоевич бийликке келгенде бир жыл ичинде Кумтөрдү кайтарып алдык. Учурда 100 пайыз Кыргызстанга иштеп жатат", - деди Ташиев.