www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Торугарт” өткөрүү бекетинен жүк келбей, 5 миңге чукул айдоочу жумушсуз калды. Бул тууралуу кечээ, 12-мартта Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.

--“Торугарт” өткөрүү бекетинен жүк келбей, 5 миңге чукул айдоочу жумушсуз калды. Учурда бул маселе чечиле элек. “Торугарт” өткөрүү бекетинен күн сайын орто эсеп менен 150 унаа өтүп, 40-50 тонна жүк келчү. Ал эми азыркы тапта араң 8 унаа өтүп жатат. 5 миңге чукул айдоочунун жумушу токтоп калган. Кыргызстан боюнча 2 миңдей айдоочу бар. Алар кыйналып турат, саясий күчкө айланып кетиши да ыктымал. Кытай тарап санитардык норма киргизип, эски калыпка келүүгө макулдук бербей жатат. Буга өкмөт да, министрлик да, Кытай тарап да барбай жатат. Анткени чек ара былтыр кыргыз тараптын демилгеси менен жабылган", - дейт Шабданалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости