www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамбыл облусундагы аскер кампасында болгон жарылуу учурундагы видео жарыяланды. Кадрлар кафеден жана башка объектилерден тартылган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Видеодон алгач айлана жарык болуп кеткенин, андан соң терезелер талкаланып, столдо отурган кыздын ыргып кеткенин көрүүгө болот. Ал эми башка жактардан тартылган кадрга жарылуу толкунунан тосмолор кыймылдаганы түшүп калган.

Видеону AIBAT маалымат агенттиги жарыялап, аны аскер бөлүккө жакын жайгашкан кафе ээси бергенин жазган.

Белгилей кетсек, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Мындан улам бийлик жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүргөн.

Кырсыктын кесепетинен 15 адам каза болуп, 90 киши жаракат алган.

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев ал окуядан кийин кызматын тапшыруу чечимин кабыл алгандыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости