www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ачык айтканда 2019-жылы кодекстерге укук коргоо системасына, сот системасына кол салуулар болгон. Мисалы, соттордун, милиция кызматкерлердин жана башкалардын колу-буту байланган. Ошондуктан кылмышкерлердин саны көп мамлекетке айландык. Бул менен биз Орто Азиядагы эң көп кылмыш жасаган, адам сатуу жана органдарын кесип сатуу сыяктуу кылмыштарга кептелип, мамлекет жаман атты болуп калдык», - деди бүгүн, 25-майда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.
--“Укук коргоо органдарынын колу-буту байланып, тендер менен миллиондорду чиновниктер алып кетип калышты. Үч жылдан бери ушул тармактагы көйгөй менен күрөшүп келдик. Азыркы мыйзам жазгандар менен катуу талаш-тартыштар болууда. Буларда мүмкүнчүлүк көп болуп жатат. Президенттик аппаратта иштегендер бизге үстөмдүк кылгандай болуп турат. Биз сунуштаган адамдар кирбей калды. Гранттарды алган адамдардын кызыкчылыгы алдыга оозуп кетти. Бул мыйзамдар кирбей калса мамлекет түп тамыры менен жок болуп кетет. Мамлекеттин 80 пайызы кылмышкер болуп калат. Укук коргоочу деген түшүнүктү алып салган. Бул чоң ката. Баарын сатып алганга жол ачылууда. Андыктан 2019-жылдагы кабыл алынган мыйзам өтө коркунучтуу жана кооптуу. Ошондой эле, азыр Ички иштер министрлиги өзүнүн күчүн толугу менен жоготуп жатат. Мен Садыр Жапаровго кайрылам, мыйзамга өзгөртүүлөрдү саясий эрки менен киргизип жатат. Бул эң жакшы көрүнүш. Эгерде жогорку мыйзам өзгөрүүсүз кала берсе, анда мамлекетте төңкөрүштөр кайталана берет”, - деди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.
Эске сала кетсек, Жазык-процесстик кодексинин 37-беренесине ылайык ыкчам бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: кылмыш тууралуу арыздарды каттоо, кылмыш болгон жерди кайтаруу, прокурор же тергөөчү тарабынан берилген тапшырмаларын аткаруу жана тергөөчү тарабынан берилген атайын тергөө амалдарын жүргүзүү тапшырмасын аткаруу. Ошо эле учурда, кылмыштын алдын алуу, бөгөт коюу, аныктоо жана кылмыштын бетин ачуу функциясын пландан алып коюу, албетте, туура эмес жана шашылыш болгон, дешет эксперттер.
Ал эми белгилүү журналист Элнура Кулуева: -«Кыз менен жигит сүйлөшүп жүрүшөт. Кыз "Үйдөгүлөрдүн кыз узатууга шарты жок. Мени ала качты кылып эле алып кет"- деген сунушту айтат. Жигит макул болот. Кызды ала качты кылып үйүнө алып келет. Кыздын апасы милицияга арыз жазып салат. Арыз жазылгандан кийин иш козголот. Эки тарап бир сөзгө келишип, балдарына бакыт каалашып ...той камылгасына даярдана башташат. 10 күн өткөндөн кийин тергөөчү жигитти суракка чакырат. Кыз тарап биз келишип алдык дейт. Тергөөчү:"Адам уурдоо боюнча иш кыскартылбайт, тосмо арыз менен да чечилбейт"-дейт. Жигит жоопко тартылат. Жигиттин туугандары кызды ата-энесинин үйнө жеткирип беришет. Жигиттин да тагдыры, кыздын тагдыры талкаланды. Мына кыз ала качууну адам уурдоо деген беренеге алмаштырып салгандагы бузулган тагдырлар", экендигин айтып зээни кейиди.
Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө эл аралык тажрыйбаны изилдөө көрсөткөндөй жазык соттук өндүрүшүнүн мындай моделдери, ал тургай, жазык соттук өндүрүшү түпкү таамырынан бери өзгөргөн мамлекеттерде (Украина, Грузия, Балтия, Казакстан ) кездешпейт жана тергөө тарабынан берилүүчү жашыруун атайын тергөө амалдарынан сырткары, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары тергөө кызматынан көз карандысыз эле жүргүзүлөт.
Кыргызстанда теңирден тескери, атайын оперативдүү топ кылмыш болгон жерге тергөөчүнүн уруксааты жок бара албайт, барса дагы колунан эч нерсе келбейт. Ал тургай кылмышкерди колунан кармаганга акысы жок. Кыскасы, 2019-жылы Лейла Сыдыкова баштаган топ Кыргызстанды кылмышкерлердин мамлекетине айлантып, кыргыз элин торго тыгып беришкен. Эми акча десе, көзү алайган шүмшүктөрдүн торуна малынбай, КР Президенти Садыр Жапаров баарын тыкыр көзөмөлгө алып, «ашмалтай» мыйзамдарды жокко чыгарышы керек.
Булак: NazarNews.kg