www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мени Кытайга депорттоп туруп, ишканамды тартып алышкан”, - деди бүгүн, 15-мартта NazarNews маалымат агенттигине Бишкек шаарынын тургуну Варис Абдуллаев.

--“Мен 1999-жылы Ош шаарынан 65 сотых жер алып, терини кайра иштетүүчү завод кургам. Заводду ачууга өзүмдүн 1 миллион доллар каражатым кеткен. Жалпы 35 адам иш менен камсыз болуп, жергиликтүү бюджетке салык төлөчүмүн. Ошол жылдары завод жакшы иштеп турду.

Тилекке каршы 2004-жылы ишканама көз арткандар өз максаттарына жетүүгө аракеттерин баштады. Тагыраагы 2004-жылы сентябрь айында мени белгисиз адамдар Бишкектеги бир жерге 3 күн кармап турушту. Андан соң Кыргызстандын УКМКсы мени аэропортко алып барып Кытайга кете турган учакка салышты. Мени “каяка алып барасыңар?” - деп сурасам, сиздин бир кылмыш ишине тиешеңиз бар экен деп, Үрүмчүгө жеткиришти. Көрсө мени Кытайга депорт кылышыптыр.

Кыргызстандын жараны болсом дагы 2011-жылга чейин Кытайга депорт кылып коюшту. Бирок бул нерсенин артында ким турганын таптакыр билген жокмун. Көрсө менин иштетип жаткан ишканама көз арткандар болуп, ишканамды тартып алышыптыр.

2011-жылы Кыргызстанга кайтып келип, заводго барсам башкалар иштетип жатыптыр. Көрсө кол алдымда иштеген Жантай Шаменов менен Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов экөө башкаларга сатып жибериптир. Документке дагы менин колумду Шаменов өзү коюптур. Кийин мен Шаменовго жолугуп сарасам ал Дүйшөн Төрөкулов оозуна тапанча такап коркутуп, заводду тартып алганын айтты. Андан соң экөө заводду Анипа Кадырова деген айымга мыйзамсыз каттаттышкан.

Кийин андан Дүйшөн Төрөкуловдун апасына өткөрүшкөн. Колдон колго өткөрүп жүрүп, аягында Дариха Сабырова деген жаранга сатышкан экен. Бирок бул процесстин баары мыйзамсыз болгон. Мен ошол күндөн бери акыйкат издеп таппай келем. Быйыл араң Дүйшөн Төрөкуловду камап, кайра мыйзамсыз үй камагына чыгарып коюшту. Андыктан мен Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевга кайрылат элем. Карапайым элдер ишкерлик кылса каралар бизнесин тартып алышса, кантип оокат кылышат. Мени мыйзамсыз депорт кылышты, жабыркадым, акыйкат издейм. Тоок уурдаган адамды деле камап жатышат. Мыйзам баарына бирдей болушу шарт. Ошондуктан Дүйшөн Төрөкулов жоопко тартылып, тиешелүү жазасын алсын”, - дейт Абдуллаев.

Ал эми жабырлануучу Варис Абдуллаевдин аялы Чынара Жамгырчиева бул иштин артында “Бир-Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов турганын айтат.  

--“Менин жолдошум айткандай  барбаган адамыбыз, какпаган эшигибиз калган жок. Акыйкат издеп таппай келебиз. Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин мыйзамдуу чаралар көрүлсүн. Депутат Дүйшөн Төрөкулов боштондукта жүрөт. Ага ким кепилдик бере алат. Менин жолдошумдун, үй-бүлөмдүн коопсуздугуна ким жооп берет? Жолдошум ишканасын алдыртып жиберген убакта Дүйшөн Төрөкулов жаш бала болгон. Жантай Шаменов экөөнүн бул ишке акылдары жетпейт эле. Мунун артында “Бир-Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов турган.

Азыр мен баардык жактан айтып жатам. Кыргызстанда ушуларга окшогон “каралар” бирөөнүн ишканасын, буюмдарын тартып алып, менчиктеп алышса ишкерлик кылгың келбей калат экен. Же мыйзамдуу чара көрүлбөсө? Дүйшөн Төрөкулов Садыр Жапаровду, УКМКны уят кылып, мыйзамдуу бошодум деп жатат. Соттор акчага алданып, карапайым элди ыйлатып жатышат. Азыркы күндө биз үй-бүлөбүздүн коопсуздугунан коркуп жатабыз. Ошондуктан Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана тиешелүү органдарга кайрылам акыйкат чечим болсун. Биздин ишкананы мыйзамдуу кайтарып беришсин”, - деди Чынара Жамгырчиева.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости