www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулдагы теракттын уюштуруучулары жана аткаруучулары табылып, аларга катуу жооп берилет. Бул тууралуу 14-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди.

«Бизде из бар. Буйрутма Кобаниден (Сириядагы шаар. – ред.) келди деген шектенүү бар, аткаруучу Африн аркылуу өткөн. Эми мунун баары такталууда”,-деди Сойлу.

Ал «Түркияга зыян келтиргендерге» катаал жооп берүүнү убада кылды.

Ошол эле күнү Сойлу Стамбулдун борборундагы террордук чабуулга шектелген адам кармалганын жарыялаган. Алдын ала версия боюнча, бомба шаардын туристтик аймагына коюлган.

Алдын ала берилген маалыматтарда, жергиликтүү саат 16:20дагы бул окуядан алты киши каза таап, кеминде 53 киши жаракат алганы кабарланды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын айтты.

Телерадиокомпаниялар боюнча жогорку кеңеш окуя болгон жерден түз алып берүүгө тыюу салды.

Истиклал Бейоглу районунда жайгашкан. Түркиянын туристтик көчөлөрүнүн бири, ал жерде негизинен жөө кишилер жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости