www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 13-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарынын борборунда болгон жардыруудан, акыркы маалыматтар боюнча, 6 киши курман болуп, 81 киши жабыркады. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган билдирди. Буга чейин 4 киши каза болгону кабарланган.
Ал Стамбулдун борборунда «бомба менен кол салуу болгонун» айтып, теракттын «жыты» бар экенин белгиледи.
«Алгачкы териштирүү учурунда, кескин түрдө «теракт» болду деп айтсак жаңылыштык болушу мүмкүн. Бирок бирге берилген алгачкы маалыматтарга караганда теракттын жыты бар», — деди ал.
Эрдоган бул окуяга күнөөлүүлөр жазасын аларын белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ, 13-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20да Бейоглу районунда, Таксим аянтына чыккан Истикляль көчөсүндө жарылуу болгон.