www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулдун борборундагы жардыруудан 4 адам мерт кетип, 38 киши жарадар болду.

Жардыруу бүгүн, 13-ноябрда түштөн кийин Стамбулдун борборундагы жөө адамдар жүрүүчү туристтик Истиклал көчөсүндө болгон.

Түркиянын A Haber телеканалынын маалыматына караганда, 4 адам каза болуп, отуздан ашык адам жаракат алган. Стамбулдагы жардырууну Башкы прокуратура террордук акт катары баалады.

Жарыяланган видеолордун биринде окуя болгон учурда көчөдө көп адамдар болгонун көрүүгө болот.

Стамбулдагы жарылуу видеокөзөмөл камераларына түшүп калган жана аны жанкечти жасаганы кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости